# 39-берене. Директорлор кеңешинин комитеттери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 39-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-39

---

1. Банктын Директорлор кеңеши өзүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн комитеттерди жана башка көмөкчү эксперттик-консультативдик органдарды түзө алат. Директорлор кеңешинин комитеттери Директорлор кеңешинин компетенциясына кирген маселелерди алдын ала кароо жана алар боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн түзүлөт. Комитеттер банктын башкаруу органы болуп саналбайт, Директорлор кеңешин алмаштыра албайт жана алардын иш милдеттерин аткара албайт.

2. Директорлор кеңеши милдеттүү түрдө төмөнкү комитеттерди түзөт:

1) Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитет;

2) Аудит боюнча комитет;

3) Дайындоолор жана сый акылар боюнча комитет.

Банкта ошондой эле жана башка комитеттер да түзүлүшү мүмкүн.

3. Комитеттерди түзүү тартибине карата талаптар, алардын компетенциясы жана жоопкерчилиги Улуттук банк тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-40)
