# 36-берене. Банктын Директорлор кеңеши

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 36-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-36

---

1. Банктын Директорлор кеңеши - акционерлердин жалпы чогулуштарынын ортосундагы мезгилде банкка жалпы жетекчиликти жүзөгө ашыруучу банктын башкаруу органы.

Директорлор кеңеши банктын негизги кызыкчылыктарын эске алуу менен иш алып барууга, бардык акционерлерге бирдей мамиле жасоо принцибин сактоого тийиш жана банктын акционерлеринин жыл сайын өткөрүлүүчү жалпы чогулушунда өз иши жөнүндө акционерлерге отчет берүүгө милдеттүү.

2. Банктын Директорлор кеңешинин өзгөчө ыйгарым укуктарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктардан тышкары төмөнкү маселелер кирет:

1) банктын уюштуруу түзүмүн бекитүү;

2) банкты ички контролдоонун адекваттуу тутумун уюштуруу;

3) банктын аткаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын ишин текшерүү, көрсөтүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;

4) Улуттук банктын инспектордук текшерүүлөрүнүн, ошондой эле ички жана тышкы аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжаларын кароо жана алардын жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү;

5) ички аудит, тобокелдик-менеджмент жана комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилерин бекитүү, аларга эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо;

6) банктын уставында каралган, Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктар.

3. Банктын Директорлор кеңеши банк ишиндеги тобокелдиктерге ылайык капиталдын адекваттуу деңгээлин кармоо максатында баа берүүнүн, мониторинг жүргүзүүнүн жана контролдоонун натыйжалуу тутумдарынын белгилениши үчүн жоопкерчилик тартат.

4. Банктын Директорлор кеңеши беш мүчөдөн кем эмес, так санда болууга тийиш.

Банктын Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш. Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүшү керек.

5. Банктын Директорлор кеңешинин жыйналышы кварталына бир жолудан көп эмес өткөрүлөт. Директорлор кеңешинин жыйналышы, ага анын курамынын үчтөн экиден кем эмеси катышса, банктын уставында кыйла жогорку кворум каралбаса, укук ченемдүү (кворум) деп эсептелет. Директорлор кеңешинин чечими добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат. Добуш берүүдө Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү бирден добушка ээ болот. Директорлор кеңешинин мүчөсүндө кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда, ал талкууга жана добуш берүүгө катышууга укуксуз.

6. Жыйналышты өткөрүү жөнүндө Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн кабарлоо тартиби жана мөөнөтү, жыйналыштарды өткөрүү жана банктын Директорлор кеңешинин чечимдерди кабыл алуу тартиби Директорлор кеңешинин регламенти менен аныкталат. Банктын уставында Директорлор кеңешинин чечиминин жазуу жүзүндө сурамжылоо методу менен кабыл алынышы, Директорлор кеңешинин жыйналыштарын коммуникация каражаттарын пайдалануу менен өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралышы мүмкүн. Директорлор кеңешинин ар бир жыйналышында банктын корпоративдик катчысы тарабынан протокол жүргүзүлөт. Директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколуна төрагалык кылуучу жана банктын корпоративдик катчысы кол коюуга тийиш.

7. Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз алдынча, үчүнчү жактын алдында банктын милдеттенмелерин түзүүчү, банк үчүн милдеттүү чечимдерди Директорлор кеңешинин жыйналыштарынан тышкары кабыл ала албайт. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн кандай болбосун документ менен таанышуу, банк кызматкерлеринен банктын иши жөнүндө кандай болбосун зарыл маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө чектөө коюлушу мүмкүн эмес.

8. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсү Директорлор кеңешинин жыйналышына катышпаса, ал Директорлор кеңешинин жыйналышынын протоколу жана чечимдери менен кол коюп таанышууга милдеттүү. Банктын Директорлор кеңешинин ар бир мүчөсү Банктын Директорлор кеңешинин жыйналышында кабыл алынган чечимдер үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Эгерде банктын Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн пикири боюнча Директорлор кеңеши кабыл алган чечим банктын финансылык бекемдигине жана туруктуулугуна, аманатчылардын жана башка кредиторлордун укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коркунуч туудурса, ал бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.

9. Банкта банкроттук коркунучтун белгилери пайда болгон учурда, банктын Директорлор кеңеши төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) банктын банкрот болуусун алдын алуу боюнча зарыл шашылыш чараларды көрүүгө;

2) кечиктирбестен акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакырууга;

3) банкта банкроттук коркунучтун белгилери пайда болгону жөнүндө жана акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө маселенин Директорлор кеңешинин кароосунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле банктын банкрот болуусунун алдын алуу боюнча көрүлүүчү жана пландалуучу зарыл шашылыш чаралар жөнүндө Улуттук банкка токтоосуз кабарлоого.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-37)
