# 33-берене. Банктын башкаруу органдары

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 33-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-33

---

1. Банктын башкаруу органдары төмөнкүлөр болуп саналат:

1) банктын акционерлеринин жалпы чогулушу;

2) банктын Директорлор кеңеши;

3) банктын Башкармасы.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача белгиленбесе, банктын башкаруу органдарынын укуктук статусу жана компетенциясы Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Ишин банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банкта Шариат кеңеши иштеши керек.

Шариат кеңеши - банк саясатынын жана типтүү келишимдеринин шариат стандарттарына ылайыктуулугу, банк ишинин жана каржылоонун ислам принциптери боюнча операцияларына карата маселелерди кароо жана сунуштамаларды даярдоо үчүн банктын жооптуу органы. Шариат кеңешинин курамына Улуттук банк белгилеген талаптарга ылайык келген адамдар кире алышат. Банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрү менен эмгек келишимдери же башка ушул сыяктуу макулдашуулар жана контракттар түзүлбөйт, ал эми Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары аларга жайылтылбайт. Банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда белгиленген чектөөлөрдү кошпогондо, ушул Мыйзамда Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн белгиленген чектөөлөр жайылтылат. Шариат кеңешинин мүчөлөрү бирден ашык банкта жана эки банктык эмес финансы-кредит уюмдарында Шариат кеңешинин мүчөсү кызмат ордун ээлей алышпайт.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-34)
