# 31-берене. Банктардын бирликтери, ассоциациялары жана бирикмелери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 31-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-31

---

1. Банктар өз ишин координациялоо, жалпы кызыкчылыктарды көздөө, биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруу жана башка жалпы милдеттерди чечүү үчүн биригүү аркылуу бирликтерди, ассоциацияларды жана башка бирикмелерди түзө алышат. Мындай уюмдардын иши алардын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылат жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына карама-каршы келбеши керек.

2. Банктардын бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин түзүү жана мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Банктардын бирликтери, ассоциациялары жана башка бирикмелери мамлекеттик каттоо жүзөгө ашырылган учурдан тартып беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка түзүлгөндүгү жөнүндө кабарлоого тийиш.

4. Банктарга өз бирликтерин, ассоциацияларын жана башка бирикмелерин банк ишинде атаандаштыкты чектөөгө багытталган жана пайыздык ставкаларды, тарифтерди жана комиссияларды акыларды белгилөө маселелеринде банктык кызмат көрсөтүүлөр рыногун монополиялаштырууга, ошондой эле кардарлардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирген же зыян келтириши мүмкүн болгон, кандай болбосун башка шарттарга жетишүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.

5. Банктар өзү же башка жактар менен биргеликте капиталдар рыногунда, акча жана валюта рыногунда Улуттук банктын монополияга каршы жөнгө салуу боюнча талаптарына ылайык аныкталган үстөмдүк абалды камсыз кылуучу бүтүмдөргө катышпоого же иштерди жүзөгө ашырбоого тийиш, ошондой эле ак ниетсиз атаандаштыктын кесепетинен өздөрү же үчүнчү жактар үчүн артыкчылыктарды камсыз кылуусу мүмкүн болгон иштерге же ар кандай түрдөгү операцияларга катышпоого тийиш.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-32)
