# 30-берене. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 30-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-30

---

1. Чет өлкөлүк банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгү "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган чет өлкөлүк банктын фирмалык аталышына толук дал келген фирмалык аталышка ээ болууга тийиш.

2. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнө банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат. Чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүн ачуу тартиби жана алардын ишине карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

3. Улуттук банк чет өлкөлүк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн ачылганы жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыялайт.

4. Чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн фирмалык аталышын, жайгашкан жерин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

5. Эгерде өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келген учурда, Улуттук банк чет өлкөлүк банктын өкүлчүлүгүн ачууга берилген уруксатты кайтарып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-31)
