# 29-берене. Банктын өкүлчүлүгү

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 29-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-29

---

1. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын кызыкчылыгында өкүлчүлүктү жүзөгө ашырган, ошондой эле ушул Мыйзамга ылайык банктык операцияларды кошпогондо, анын атынан бүтүмдөрдү же башка уруксат берилген иш-аракеттерди жүргүзгөн банктын обочолонгон бөлүмү банктын өкүлчүлүгү болуп саналат.

2. Банктын өкүлчүлүгү банк бөлүп берген мүлккө, банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "өкүлчүлүк" деген сөз кошулган, банктын фирмалык аталышына толук дал келген фирмалык аталышка ээ болот. Банк өзүнүн өкүлчүлүгүнүн иш-аракети үчүн толук жоопкерчилик тартат.

3. Банк Улуттук банкка банктын өкүлчүлүгүнүн катталганы жөнүндө беш жумуш күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү. Улуттук банк банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин жүргүзөт.

4. Банктын өкүлчүлүгүнүн жайгашкан жеринин жана ишинин түрлөрүнүн тизмегин өзгөртүү Улуттук банктын макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

5. Банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү Улуттук банктын уруксаты менен ачылат. Банктын өкүлчүлүгүн ачууга карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Эгерде өкүлчүлүктүн иши Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына каршы келген учурда, Улуттук банк банктын өкүлчүлүгүн ачууга уруксатты кайтарып алууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-30)
