# 24-берене. Банк тарабынан түзүлгөн резервдер

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 24-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-24

---

1. Банк ишин жүзөгө ашырууга байланыштуу чыгымдарды өз убагында жабуу үчүн банк Улуттук банктын талаптарына жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык тиешелүү резервдерди түзүүгө жана активдердин жана милдеттенмелердин реалдуу наркын финансылык отчеттуулукта чагылдырууга милдеттүү.

2. Жөнгө салуу жана көзөмөлдөө максатында белгиленген Улуттук банктын талаптарына ылайык, банктар кредиттик жана башка тобокелдиктерди камтыган активдер жана милдеттенмелер боюнча тиешелүү резервдерди түзүүгө милдеттүү.

3. Өз ишин контролдоону жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, банк жүргүзүлгөн операциялардын мүнөзүнө жана масштабына жараша финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык капиталдык жана башка резервдерди түзөт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-25)
