# 15-берене. Банктын фирмалык аталышы

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 15-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-15

---

1. Банк өзүнүн толук жана (же) кыскартылган расмий фирмалык аталышына ээ болот. Банктын фирмалык аталышы анын уставында көрсөтүлөт. Банктын фирмалык аталышында анын уюштуруу-укуктук формасы, ишинин түрү (банк) камтылууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Банкка өзүнүн фирмалык аталышында же символикасында кайсыл тилде, кандай болбосун сөз айкалышында, толук же кыскартылган түрдө "мамлекеттик", "государственный", "Кыргызстан", "Кыргыз", "Кыргызский", "Улуттук", "Национальный", "Борбордук", "Центральный", "Кыргыз Банкы", "Банк Кыргызстана" деген сөздөрдү, "НБКР", "ЦБКР", "КРУБ", "КРББ" деген аббревиатураларды колдонуусуна тыюу салынат.

3. Кыргыз Республикасынын аймагында мурда түзүлгөн же түзүлүүчү банктардын фирмалык аталыштарында чаташтыруу деңгээлине чейин окшош же окшошуп кеткен белгилөөлөрдү фирмалык аталыш катары пайдаланууга жол берилбейт.

4. Банкка расмий аталышынан башка фирмалык аталышты пайдалануусуна тыюу салынат. Банктын өзгөрүлгөн фирмалык аталышы, мамлекеттик кайра каттоодон өткөн күндөн тартып он жумуш күнү ичинде банк тарабынан жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.

5. Башка юридикалык жактарга өз аталыштарында "банк" деген сөздү жана андан келип чыккан туунду сөздөрдү пайдаланууга тыюу салынат.

6. Өз ишин тиешелүү лицензиянын негизинде банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктар гана банктын фирмалык аталышында "исламдык" деген сөздү пайдаланууга укугу бар.

7. Банктын фирмалык аталышы Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбеген учурда, Улуттук банк ага макулдук берүүдөн баш тартууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-16)
