# 134-берене. Арызды кайра кайтаруу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 134-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-134

---

1. Сот арызды төмөнкү учурларда гана кайра кайтарат:

1) эгерде арызды ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболоштурууга карата талаптар сакталбаса;

2) эгерде арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин арыз берүүчү арыздан баш тартса.

2. Судья арызды кайтарып берүү жөнүндө эки күндүк мөөнөттө аныктама чыгарат жана аны чыгарган учурдан кийинки күндөн кечиктирбестен ишке катышкан жактарга жөнөтөт.

3. Арызды кайтарып берүү жол берилген бузууларды четтетүүдөн кийин аны менен сотко экинчи жолу кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-135)
