# 133-берене. Арызды кабыл алуу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 133-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-133

---

1. Сот ушул главада каралган талаптарды сактоо менен берилген Улуттук банктын арызын өндүрүшкө кабыл алууга милдеттүү.

2. Сот арыз берилген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, арыздын кабыл алынганы жөнүндө аныктама чыгарат, ал иш боюнча тараптарга токтоосуз жөнөтүлөт.

3. Сот арыздын кабыл алынганы жөнүндө аныктамада ишти соттун отурумунда териштирүүгө дайындалганы, аны өткөрүүнүн убактысы жана орду жөнүндө көрсөтөт.

4. Сот тарабынан Улуттук банктын арызы кабыл алынган учурдан тартып банктын карыздарын төлөөгө, активдерине камоого коюуга жана мүлкүн өндүрүүгө тиешелүү бардык соттук жана башка мажбурлоо иш-аракеттерин аткарууга жол берилбейт.

5. Арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама даттануу менен кайрылууга болбойт.

6. Арыз сот тарабынан соттук өндүрүшкө кабыл алынган учурда, Улуттук банктын ушул Мыйзамга ылайык күчүнө кирген чечимдерине даттануу же кайра кароо жөнүндө кандай болбосун жактардын тосмо жана/же өз алдынча койгон талаптары каралууга тийиш эмес.

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-134)
