# 132-берене. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-132>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-132.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 132-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-132

---

Улуттук банктын сотко арызы

1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун козгоо жөнүндө Улуттук банктын арызында төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;

2) жоопкер банктын фирмалык аталышы, анын почта жана юридикалык дареги;

3) лицензияны кайра кайтарып алуунун ушул Мыйзамда каралган негиздери;

4) ишти туура чечүү үчүн башка маалыматтар;

5) тиркелүүчү документтердин тизмеги.

2. Арыз берүүчү арыздын көчүрмөсүн жоопкер банкка жөнөтүүгө милдеттүү.

3. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

1) банктын Улуттук банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн финансылык отчету;

2) лицензияны кайра кайтарып алуу тууралуу Улуттук банктын чечиминин көчүрмөсү;

3) лицензияны кайра кайтарып алуунун негиздүүлүгүн ырастаган башка зарыл документтер.

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-131)  
Кийинки берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-133)
