# 130-берене. Сотко кайрылуу укугу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 18-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-130>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-130.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 130-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-130

---

1. Улуттук банк банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылуу укугуна ээ.

2. Кредитор, банктын акционери, ошондой эле башка кызыкдар жактар тиешелүү арыз менен Улуттук банкка кайрылуу аркылуу банктын мажбурлап жоюлушун демилгелөөгө укуктуу.

Банктын кредитору Улуттук банкка берген арызда банк өзүнүн финансылык милдеттенмелерин, аларды төлөө мөөнөтү келип жеткен учурда төлөбөй жатканы жөнүндө документалдык ырастоолорду тиркөө менен, конкреттүү талапты камтууга тийиш. Улуттук банк арызды он жумуш күнү ичинде карайт. Эгерде Улуттук банк лицензияны кайра кайтарып алуу үчүн негиздерди белгилебесе, ал кредиторго жүйөлөнгөн баш тартууну жөнөтөт. Эгерде Улуттук банк мындай арызды колдобосо, банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу сот тарабынан козголушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-129)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-131)
