# 127-берене. Корутунду отчет жана жоюу жол-жобосун аяктоо

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 127-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-127

---

1. Ушул Мыйзамда каралган бардык иш-чаралар аяктагандан жана милдеттер аткарылгандан кийин жоюучу корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана банкты жоюу жол-жобосун аяктоо тууралуу өтүнмө менен сотко кайрылат. Банкты ыктыярдуу жоюуда жоюучу Улуттук банкка кайрылуунун алдында банктын акционерлеринин жалпы чогулушунун тиешелүү чечимин алууга тийиш. Корутунду отчеттун түзүмү жана мазмуну Улуттук банк тарабынан аныкталат. Жоюучу корутунду отчеттун түп нускасынын бирин Улуттук банкка берет. Сот жоюучунун корутунду отчетун аны Улуттук банк жактыргандан кийин гана бекитет.

2. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу корутунду отчетту бекитүү жана мажбурлап жоюу жол-жобосун аяктоо тууралуу соттун аныктамасы чыккандан кийин аяктаган катары эсептелет. Соттун аныктамасы токтоосуз күчүнө кирет. Корутунду отчетту бекитүү тууралуу соттун аныктамасынын көчүрмөсүн сот Улуттук банкка жөнөтөт.

Банкты ыктыярдуу жоюу жол-жобосу Улуттук банк тарабынан корутунду отчетту, жоюу балансын бекитүү жөнүндө жана жоюу жол-жобосу аяктаганы жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып аяктаган катары эсептелет.

3. Банкты жоюу жол-жобосу аяктагандан кийин аны кайра жаңылоого жол берилбейт.

4. Жоюучу соттун (мажбурлап жоюуда) же болбосо Улуттук банктын (ыктыярдуу жоюуда) жоюу жол-жобосу аяктаганы жөнүндө чечими күчүнө киргенден кийин он беш календардык күндүн ичинде банктагы эсептерди жабат, белгиленген тартипте банктын мөөрлөрүн жана штамптарын жок кылат, соттун же болбосо Улуттук банктын (ыктыярдуу жоюуда) чечимин банкты юридикалык жактардын мамлекеттик реестринен алып салуу тууралуу жазууларды киргизүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет, ошондой эле жоюлган банктын бардык документтерин Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондуна сактоого жөнөтөт жана банкты жоюу жол-жобосу аяктаганы жөнүндө билдирүүнү республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-128)
