# 123-берене. Жоюучунун келишимдик мамилелери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 123-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-123

---

1. Жоюучу келишимди бузуу болжолдонгон күнгө чейин отуз календардык күн мурда контрагенттерди милдеттүү кабарлама жиберүү менен банктын учурдагы кандай болбосун келишимин бир тараптуу негизде бузууга укуктуу. Мында жоюучу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте контрагенттерге кредиторлордун талаптарын жоюучуга жеткирүүнүн зарылдыгы жөнүндө кабарлоого тийиш.

2. Жоюучу тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган тартипте бузулбаган келишимдерди, ошондой эле жоюучу өзү түзгөн келишимдерди аткаруу, банкты жоюу жол-жобосун жүргүзүү максатында жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Кызмат көрсөтүүчүлөр (электр энергиясы, суу, байланыш, күзөт жана башкалар) банкты жоюу жол-жобосу башталганына байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө банк менен түзүлгөн келишимдерди бир тараптуу тартипте бузууга укуксуз.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-124)
