# 121-берене. Жоюлуучу масса

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 121-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-121

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мүлктөрдү кошпогондо, жоюу жол-жобосу башталган учурга карата банктын болгон бардык активдери (мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары) жана бул жол-жобонун жүрүшүндө табылган мүлкү жоюлуучу массаны түзөт.

2. Жоюлуучу массага төмөнкүлөр кошулбайт:

1) күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк;

2) кардарлардын депозиттик сейфте турган мүлкү;

3) банктын каражаттарынан өзүнчө эсепке алынуучу, брокер же депозитарий катары чыккан банктын кардарларынын акча каражаттары жана баалуу кагаздары;

4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өткөрүп берилбей турган мүлктүк укуктар;

5) банкты жоюу жол-жобосуна сарптоолор (административдик чыгашалар);

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоюлуучу массага кошулбай турган башка мүлк.

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-122)
