# 120-берене. Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 120-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-120

---

1. Банкты мажбурлап жоюу жол-жобосу башталган учурдан тартып, банктын күрөө кармоочуларында күрөөдө турган бардык активдер токтоосуз жоюучунун карамагына өткөрүлүп берилүүгө тийиш.

2. Жоюлуучу банктын мүлкүнүн курамындагы күрөөнүн предмети болуп саналган мүлк өзүнчө эсепке алынат жана милдеттүү түрдө бааланууга тийиш.

3. Кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары күрөө предметинин наркынын эсебинен канааттандырылат. Эгерде күрөөнү сатуудан түшкөн каражаттар талаптын суммасын толук жабуу үчүн жетишсиз болсо, анда талаптын канааттандырылбаган бөлүгү камсыз кылынбаган талап катары каралат жана ушул Мыйзамда белгиленген кезектүүлүк тартибинде канааттандырылууга тийиш.

4. Күрөөгө коюлган мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн сумманын үч пайызы жоюучунун административдик чыгашаларын жабууга жумшалат.

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-121)
