# 12-берене. Кайрылууларды кароо. Талаш-тартыштар

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 12-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-12

---

1. Банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар банктык мыйзамдардын талаптарына ылайык кардарлардын кайрылууларын кароо тартибин жөндөөчү документтерге ээ болууга милдеттүү. Кардарлардын кайрылуулары отуз календардык күндөн кечиктирбестен, жазуу жүзүндө жооп берүү менен каралууга тийиш.

2. Кардарлардын каралган кайрылууларынын жыйынтыгы боюнча документтер белгиленген тартипте үч жылдан кем эмес сакталышы керек.

3. Келишимди аткаруу процессинде келип чыккан талаш-тартыштар, эгерде алар тараптардын макулдашуусу боюнча чечилбесе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте, анын ичинде талаш-тартыштарды сотко чейин жөнгө салуунун алкагында чечилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-13)
