# 119-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу эрежелери

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 119-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-119

---

Жоюучу банктын активдерин сатып өткөрүүдөн алынган каражаттарды ушул беренеде белгиленген эрежелерден улам ушул Мыйзамдын башка талаптарын эске алуу менен төмөнкүдөй бөлүштүрөт:

1) ар бир кийинки кезектеги кредиторлорго карызды төлөө алдында ага чейинки кезекте турган бардык кредиторлордун талаптары толугу менен канааттандырылууга тийиш;

2) бир кезекте турган кредиторлорду канааттандырууда ушул кезекте турган бардык кредиторлор өз ара тең укуктуу жана тиешелүү карызды пропорционалдуу төлөөдө бирдей укукка ээ;

3) эгерде кайсы бир мүлк бир нече анык күрөөлөрдүн предмети болуп саналса, анда мындай күрөөлөр менен камсыз кылынган кредиторлордун ортосундагы артыкчылык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык аныкталат;

4) активдерди сатуу мүмкүн болбогон учурда, активдер бир кезекте турган кредиторлорго алардын макулдугу менен жана соттун макулдугу менен карыздарды толук жоюунун эсебине түздөн-түз өткөрүлүп берилиши мүмкүн;

5) кредиторлордун күрөө менен камсыз кылынган талаптары кезексиз тартипте канааттандырылат.

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-120)
