# 118-берене. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графиги

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 118-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-118

---

1. Кредиторлордун бекитилген талаптары аларды төлөө кезектүүлүгүнө ылайык категориялар боюнча бөлүштүрүлөт жана кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графигине киргизилет.

2. Жоюучу тарабынан бекитилген ошол талаптар түзүлгөн тизмекке ылайык төлөөлөр кредиторлордун талаптарын канааттандыруу эрежелерин жана кезектүүлүгүн бузбаган шарттарда, жоюучу кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графигин бекитет.

3. Кредиторлордун талаптарын канааттандыруу графигине киргизилген, кредиторлорду аныктоо жана алар менен байланышуу мүмкүн болбогонунан төлөнүп берилбеген суммалар жоюучунун атайын эсебинде депонирленет, ал эми эгерде бул суммалар жоюу жол-жобосу аяктаганга чейин суралбаса, алар жоюлуучу банктын жайгашкан жери боюнча мамлекеттик нотариустун депозитинде депонирленет.

4. Жоюучу кредиторлордун талаптарын канааттандыруу үчүн төлөөлөрдүн башталганы жөнүндө кабарламаны республикалык жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялашы керек, анда көрсөтүлгөн кредиторлорго каражаттарды алуу үчүн кайрылуу сунуш кылынат.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-119)
