# 115-берене. Жоюлуучу банктын атайын эсеби

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 17-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 115-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-115

---

1. Жоюлуучу банктын каражаттарын топтоо үчүн жоюучу башка банкта жоюлуучу банктын атайын эсебин ачат. Мындай эсеп улуттук жана/же чет өлкөлүк валютада ачылышы мүмкүн.

2. Жоюлуучу банктын бардык эсептери жабылууга тийиш, бул эсептердеги акча каражаттарынын калдыгы жоюлуучу банктын атайын эсебине которулуусу зарыл.

3. Жоюлуучу банктын атайын эсебиндеги турган каражаттар банктын кредиторлорунун талаптарын аткарууга жана жоюучунун административдик чыгашаларын жоюуга гана жумшалуусу зарыл.

4. Жоюлуучу банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарына камоо коюуга, операцияларды токтото турууга жана өндүрүп алууга тыюу салынат.

5. Жоюлуучу банктын атайын эсеби турган банк жоюлган учурда, атайын эсептеги акча каражаттары жоюлуучу массага кошулбайт жана жоюучунун көрсөтмөсү боюнча башка банкта ачылган башка атайын эсепке токтоосуз которулууга тийиш.

6. Жоюучу чейрек сайын жоюлуучу банктын атайын эсебиндеги акча каражаттарынын суммасы жана аларды пайдалануунун багыты жөнүндө отчетту сотко жана Улуттук банкка берүүгө тийиш.

Сот Улуттук банктын сунушу боюнча жоюучунун административдик чыгашаларын азайтуу жөнүндө чечим кабыл алат.

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-116)
