# 11-берене. Комиссиялык сый акылар, тарифтер жана пайыздык ставкалар

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428#diff=39443..40756>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 11-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-11

---

1. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмдөрү жана банктык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтер, эгерде Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында башкача каралбаса, банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар тарабынан өз алдынча белгиленет.

Банктык иштин жана каржылоонун ислам принциптерине ылайык операцияларды жана бүтүмдөрдү жүзөгө ашыруучу банк операцияларды жана бүтүмдөрдү ишке ашыруу шарттарын өз алдынча Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык белгилөөгө укуктуу. Улуттук банк банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактардын банктык кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана тарифтердин өлчөмүнө карата чектөөлөрдү жана тыюу салууларды колдонууга укуктуу, ошондой эле монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндө кошумча талаптарды, анын ичинде пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын жана банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин экономикалык негиздүүлүгүнө карата талаптарды белгилейт.

2. Пайыздык ставканын, комиссиялык сый акынын өлчөмү жана банктык кызматтарды көрсөтүү үчүн тарифтер жөнүндө маалымат кардарлар үчүн ачык жана жеткиликтүү болууга тийиш жана коммерциялык же банктык сырдын предмети болушу мүмкүн эмес.

3. Банктык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы жөнүндө маалыматты жарнамада, жарыялоодо көрсөтүүдө жана жайылтууда берилүүчү кредиттер боюнча номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар жана комиссиялык сый акы жөнүндө маалыматты милдеттүү түрдө көрсөтүү зарыл.

4. Номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалар келишимдерде салыштырылып эсептөөдө көрсөтүлүшү керек.

5. Кредиттик келишимди түзгөнгө чейин банктык кызматтарды көрсөтүүчү жактар номиналдык жана натыйжалуу пайыздык ставкалардын өлчөмү жөнүндө маалымат менен бир катарда, кредиттин негизги суммасын, пайыздарды, комиссиялык сый акыларды жана келишимди түзүүгө жана аткарууга байланыштуу башка төлөмдөрдү өз-өзүнчө көрсөтүү менен, кардарга кредиттин абсолюттук маанидеги толук наркы жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.

Пайыздык төлөмдөр номиналдык ставка боюнча кредиттин негизги суммасынын азайган калдыгына карата чегерилет. Натыйжалуу пайыздык ставканы аныктоо жана эсептөө методикасы Улуттук банк тарабынан белгиленет.

6. Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын бурмалаган жана кредиттик келишимдин валютасынан айырмаланган валютага байланган кредит боюнча төлөмдөрдү индексациялоо каралган кредиттик продукттарды пайдаланууга жол берилбейт.

7. Эгерде бул кардардын укугун начарлатса жана/же милдеттерин көбөйтсө, мөөнөттүү аманаттар жана кредиттер боюнча пайыздык ставкалардын чоңдугун банк бир тарап-туу тартипте өзгөртүшү мүмкүн эмес.

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-12)
