# 108-берене. Банкты мажбурлап жоюу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 108-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-108

---

1. Банк ишин жүзөгө ашыруу укугуна лицензияны кайра кайтарып алгандан кийин беш жумуш күнү ичинде Улуттук банк ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун баштоо жөнүндө арыз менен сотко кайрылат. Сот жоюучуну дайындаганга чейин банктын активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана аманатчылардын кызыкчылыктарын коргоо максатында Улуттук банк убактылуу администрацияны дайындайт. Эгерде лицензияны кайра кайтарып алуу учурунда убактылуу администрация иштеп турса, ал сот тарабынан жоюучу дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап калат.

2. Жоюучу ушул Мыйзамга ылайык банкты мажбурлап жоюу жол-жобосун жүргүзөт.

3. Банкты мажбурлап жоюунун жүрүшүндө убактылуу администрацияны киргизүүгө, банкты финансылык жактан чыңдоо жана кайра түзүмдөштүрүү боюнча чараларды көрүүгө, кайра уюштурууну, ошондой эле жарашуу макулдашуусун түзүүгө тыюу салынат.

4. Мажбурлап жоюу жол-жобосуна кириптер болгон банк өзүнүн милдеттенмелери боюнча өзүнүн бардык активдери жана мүлкү менен толук жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [107-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-107)  
Кийинки берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-109)
