# 105-берене. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 105-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-105

---

1. Чет өлкөлүк банктын филиалын жоюу Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын банктары үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

2. Чет өлкөлүк банктын филиалынын же чет өлкөлүк банктын өзүнүн жайгашкан өлкөдөгү иштери токтотулганда, анын акча каражаттары жана башка активдери ушул Мыйзамда каралгандардан башкача өткөрүп берилиши/ажыратылышы/алып коюлушу/өндүрүп алынышы мүмкүн эмес.

3. Чет өлкөлүк банк жоюлган жана талаптарды канааттандыруу үчүн зарыл болгон активдер жетишсиз болгон учурда, чет өлкөлүк банктын филиалынын кредиторлору карызды төлөп берүү талаптары менен чет өлкөлүк банкка кайрылууга укуктуу.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалы бар чет өлкөлүк банк жоюлган учурда, чет өлкөлүк банктын филиалына карата колдонулуучу укук Кыргыз Республикасынын укугу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-104)  
Кийинки берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-106)
