# 102-берене. Сотко чейинки даттануунун тартиби жана мөөнөттөрү

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021237)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428#diff=13450..26284>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 102-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-102

---

1. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу милдеттүү болуп саналат. Улуттук банктын Башкармасынын сотко даттанылуучу чечимдерин жана "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте каралуучу чечимдерин кошпогондо, Улуттук банктын бардык чечимдерине сотко чейинки даттанууга болот.

2. Сотко чейинки даттануу Улуттук банктын чечиминин колдонулушун токтото тура албайт.

3. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейин даттануу Улуттук банктын тиешелүү чечимин алган күндөн тартып жыйырма жумуш күнүнөн кечиктирилбеген мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

4. Улуттук банк даттануу келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө даттануунун маңызы боюнча карайт. Улуттук банк даттанууну кароо мөөнөтүн отуз календардык күнгө бир жолу узартууга укуктуу.

5. Улуттук банктын чечимдерине сотко чейинки даттануу тартиби Улуттук банк тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-101)  
Кийинки берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-103)
