# 100-берене. "Өтмө" банкты түзүү

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 100-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-100

---

1. Убактылуу администратор Улуттук банктын макулдугу менен кайра түзүмдөштүрүлүүчү банктын активдеринин жана милдеттенмелеринин базасында "өтмө" банкты уюштурууга укуктуу.

2. "Өтмө" банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жана Улуттук банктын лицензиясын берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылган учурдан тартып жетимиш эки сааттын ичинде жүргүзүлөт.

3. "Өтмө" банкка лицензия берүүнүн тартиби, капиталына жана башка экономикалык ченемдерине карата талаптар Улуттук банк тарабынан белгиленет.

4. "Өтмө" банкты уюштуруу тууралуу расмий жарыялоо Улуттук банктын лицензиясын бергенден кийинки күндөн кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

5. Убактылуу администратор "өтмө" банктын акцияларын кыска мөөнөттө, бирок ал түзүлгөн учурдан тартып бир жылдан кечиктирбестен, кандай болбосун жеткиликтүү ыкмада сатып өткөрүүгө милдеттүү. Улуттук банктын чечими боюнча "өтмө" банктын акцияларын сатып өткөрүү мөөнөтү бир жылга чейинки мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн. Эгерде "өтмө" банктын акциялары белгиленген мөөнөттө сатып өткөрүлбөсө, анда ал жоюлууга тийиш. "Өтмө" банктын акцияларын сатып өткөрүү менен байланышкан бардык маалымат ачык жана айкын болууга, айрым сатып алуучуларга артыкчылыктарды бербестен, рынок шарттарында жүзөгө ашырылууга тийиш.

6. "Өтмө" банктын акцияларын сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттар кайра түзүмдөлүүчү банкка жиберилет.

7. Убактылуу администрация киргизүүнүн ушул Мыйзамда каралган кесепеттери "өтмө" банкка карата колдонулбайт.

8. "Өтмө" банк түзүлгөн учурдан тартып кирүү төгүмдөрүсүз депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу статусуна ээ болот.

9. "Өтмө" банк юридикалык жак катары кайра түзүмдөлүүчү банктын укук улантуучусу болуп саналбайт жана ушул Мыйзамга ылайык ага өткөрүлүп берилген милдеттенмелерден тышкары, анын кандай болбосун милдеттенмелери үчүн жоопкерчилик тартпайт.

10. Активдерди жана милдеттенмелерди "өтмө" банкка өткөрүп берүү ушул Мыйзамдын 98-беренесинин эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-101)
