# 1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети

- Документ: [Банктар жана банк иштери жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112428)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 11-августандагы № 93 "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 93
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 октября 2025 года № 221 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031937)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.10.2025 [Закон КР от 16 октября 2025 года № 221 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031937); 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428#diff=37855..39443>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112428/edition/1241183/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112428/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банктар жана банк иштери жөнүндө, 1-берене (08.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-1

---

1. Ушул Мыйзам банктык ишти жүзөгө ашыруу маселелерин, банктарды түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу тартибин, банктык сырды түзгөн маалыматты колдонуу тартибин жөнгө салат.

11. Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын финансылык институттарына карата ушул Мыйзамдын талаптары колдонулбайт.

2. Банктык эмес финансы-кредит уюмдарынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) көзөмөлүндөгү башка юридикалык жактардын иши, эгерде "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана ушул Мыйзамда башкача каралбаса, мыйзамдар жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актылары менен жөндөлөт.

3. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишине колдонулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 , 2025-жылдын 16-октябрындагы № 221 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112428/st-2)
