# Закон КР от 5 августа 2022 года № 83 "О ратификации Обменных нот между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Японии по проекту "Защита от снежных заносов на автомобильной дороге Бишкек-Ош" и Грантового соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Японским агентством международного сотрудничества (JICA) по проекту "Защита от снежных заносов на автомобильной дороге Бишкек-Ош", подписанных 24 декабря 2021 года в городе Бишкек"

- Актынын түрү: Закон
- Номери: 83
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112425>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3211/edition/1181175/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112425.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР от 5 августа 2022 года № 83 "О ратификации Обменных нот между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Правительством Японии по проекту "Защита от снежных заносов на автомобильной дороге Бишкек-Ош" и Грантового соглашения между Кабинетом Министров Кыргызской Республики и Японским агентством международного сотрудничества (JICA) по проекту "Защита от снежных заносов на автомобильной дороге Бишкек-Ош", подписанных 24 декабря 2021 года в городе Бишкек" (05.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112425

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 5-августу № 83 2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112425/st-1)

2021-жылдын 24-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы "Бишкек-Ош автомобиль жолунда кар күрткүлөрдөн коргоо" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112425/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө дипломатиялык каналдар боюнча япон тарапка кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112425/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. “Эркин-Тоо” газетасынын 2022-жылдын 9-августунда № 69(3404) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 30-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
