# 13-берене. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/112422)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 5-августундагы № 86 "Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 86
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 05.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112422/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3209/edition/1180915/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112422/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 13-берене (05.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112422/st-13

---

1. Кепилдиктерди берүү тууралуу түзүлгөн келишимдер жана/же макулдашуулар боюнча кепилдик фонддун жоопкерчилик көлөмү кардардын финансы-насыялык уюмдун алдындагы негизги милдеттенмелердин (каржылоонун негизги суммасынын) көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.

2. Бир адамга же байланышы бар жактардын тобуна кепилдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.

3. Кепилдик берүү келишимдин жана/же макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат, кайтарымдуу болуп саналат жана сыйакынын өлчөмү фонддун уставында каралган кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.

4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды эске албаганда, кепилдиктер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана берилет.

5. Мультипликатор коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112422/st-1)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112422/st-14)
