13-берене. Кепилдиктерди берүүнүн негизги шарттары
Күчүндө · 05.08.2022 редакциясы
1. Кепилдиктерди берүү тууралуу түзүлгөн келишимдер жана/же макулдашуулар боюнча кепилдик фонддун жоопкерчилик көлөмү кардардын финансы-насыялык уюмдун алдындагы негизги милдеттенмелердин (каржылоонун негизги суммасынын) көлөмүнүн 50 пайызынан ашпоого тийиш.
2. Бир адамга же байланышы бар жактардын тобуна кепилдиктин максималдуу өлчөмү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
3. Кепилдик берүү келишимдин жана/же макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылат, кайтарымдуу болуп саналат жана сыйакынын өлчөмү фонддун уставында каралган кепилдик фонддун тиешелүү ыйгарым укуктуу органы тарабынан аныкталат.
4. Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларды эске албаганда, кепилдиктер Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында гана берилет.
5. Мультипликатор коэффициенти Улуттук банк тарабынан белгиленет.
Берененин тексти 05.08.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112422/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>