# КР 2022-жылдын 9-августундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 9-августундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 90
- Кабыл алынган күнү: 09.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.08.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112420>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3207/edition/1195034/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112420.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.08.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2022-жылдын 9-августундагы № 90 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (12.08.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112420

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 9-августу № 90 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө", "Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112420/st-1)

(КР 2025-жылдын 12-августундагы N 198 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112420/st-2)

"Кыргыз Республикасындагы бейтарап соттор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 436-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 46-статьяда:

а) биринчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Чет өлкөлүк инвестор менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы келишимде бейтарап макулдашуу болбогондо, чет өлкөлүк инвестор талаш-тартышты чечүү үчүн бейтарап териштирүүнү демилгелөөгө укуктуу. Бул учурда чет өлкөлүк инвестор талаш-тартышты кароо үчүн "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясында белгиленген тартипте ушул статьяда көрсөтүлгөн каалаган органды тандап алууга укуктуу.";

б) төртүнчү бөлүктө "жана Кыргыз Республикасы талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна берүүгө макулдугун берди деп эсептелинет" деген сөздөр алып салынсын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112420/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2022-жылдын 30-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
