# 9-берене. КИПтин резиденти статусун алуу

- Документ: [Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112419)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-августундагы № 88 "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3206/edition/1183525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112419/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө, 9-берене (08.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-9

---

1. КИПтин резидентинин иши келишимге ылайык жүзөгө ашырылат, аны түзүү үчүн арыз ээси КИПтин дирекциясына Байкоочу кеңеш тарабынан белгиленген форма боюнча арыз берет.

2. КИПтин дирекциясы арызды карап чыгат жана Байкоочу кеңешке сунуштама жөнөтөт. Байкоочу кеңеш тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде КИПтин дирекциясы арыз ээси менен КИПтин резидентинин ишин жүзөгө ашыруу жөнүндө келишим түзөт жана аны КИПтин резиденттеринин реестрине киргизет.

3. КИПтин резиденттеринин реестри КИПтин дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт жана КИПтин расмий интернет-ресурсуна жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-10)
