# 8-берене. КИПтин резиденттери

- Документ: [Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112419)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-августундагы № 88 "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3206/edition/1183525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112419/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө, 8-берене (08.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-8

---

1. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келген, ушул Мыйзамда аныкталган тартипте КИПтин резиденти катары катталган юридикалык жана жеке жактар КИПтин резиденттери болуп саналат.

2. КИПтин резиденти катары түшкөн каражатынын кеминде 90 пайызы КИПтин ишинин түрлөрүн жүзөгө ашыруудан түшкөн каражаттан турган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк адам катталышы мүмкүн.

3. КИПтин резидентинин иши резидент менен КИПтин дирекциясынын ортосунда түзүлгөн ишти жүзөгө ашыруу жөнүндө келишимге (мындан ары - келишим) ылайык жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-9)
