# 4-берене. Креативдүү индустриялар

- Документ: [Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112419)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-августундагы № 88 "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3206/edition/1183525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112419/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө, 4-берене (08.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-4

---

Креативдүү индустрияларга экономиканын төмөнкү тармактары кирет.

1) архитектура, шаардык жана региондук пландоо, ландшафт дизайны, интерьер дизайны;

2) декорацияларды түзүүнү кошуп алганда, көркөм сүрөт искусствосу;

3) санариптик искусствону кошуп алганда, медиа искусство, виртуалдуу жана толукталган реалдуулукту, аралаш реалдуулукту түзүү, 3D-дизайн;

4) музыка, аткаруучулук искусство;

5) кино, телекөрсөтүү, радио, фотография, видеография, видеопродакшн;

6) анимация, графикалык дизайн, мультимедиа дизайны;

7) ЖМК, интернет-стриминг, подкасттарды жана блогдорду жүргүзүү;

8) кол өнөрчүлүк, жасалга-колдонмо искусствосу, көркөм өнөр иштери;

9) кийим-кече, аксессуарлар дизайнын, коллекцияларды түзүүнү кошуп алганда, мода индустриясы;

10) программалоо, IT-продуктуларды иштеп чыгуу, робототехника жана жасалма интеллект;

11) компьютердик жана мобилдик оюндарды түзүү, киберспорт;

12) адабият, сценарийлерди жазуу, сторителлинг;

13) арт-менеджмент;

14) басма иши;

15) музейлерди, галереяларды, китепканаларды, маданият жана эс алуу парктарын, коворкингдерди, тренинг-борборлорун, мейкерспейстерди кошуп алганда, креативдүү мейкиндиктердин иши;

16) акселераторлордун жана бизнес-инкубаторлордун иши;

17) туроператорлордун, гиддердин, экскурсия алып баруучулардын, котормочулардын, аниматорлордун, туристтик көңүл ачууларды уюштуруучулардын иши жана туристтик маршруттарды иштеп чыгуу;

18) конференцияларды, форумдарды, көңүл ачууларды, мода көрсөтүүлөрдү, шоу жана массалык иш-чараларды уюштуруу, продюссерлик кылуу;

19) жарнама, социалдык тармактардагы маркетинг, коомчулук менен байланыш;

20) квалификацияны жогорулатуу курстарын, тестирлөө жана сертификаттоо борборлорун кошуп алганда, креативдүү кесиптер чөйрөсүндөгү окутуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-5)
