# 15-берене. КИПтин дирекциясынын компетенциясы

- Документ: [Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112419)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-августундагы № 88 "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3206/edition/1183525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112419/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө, 15-берене (08.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-15

---

1. КИПтин дирекциясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) КИПтин резиденттеринин реестрин жүргүзүү;

2) типтүү келишимди иштеп чыгуу жана бекитүү;

3) келишимдерди түзүү жана алардын шарттарынын аткарылышын контролдоо;

4) жактын КИПтин резиденти катары катталгандыгын ырастоочу күбөлүктү берүү;

5) КИПтин ишинин маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө КИПтин резиденттеринин кызыкчылыктарын билдирүү;

6) КИПтин резиденттеринин долбоорлорун ата мекендик жана эл аралык рыноктордо илгерилетүүнү камсыз кылуу;

7) КИПтин резиденттеринин ишин маалыматтык коштоону ишке ашыруу;

8) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү процессинде алардын кызыкчылыктарын коргоо максатында КИПтин резиденттерине укуктук жана методологиялык колдоо көрсөтүү;

9) КИПтин резиденттери тарабынан потенциалдуу инвесторлорду тартууга көмөктөшүү;

10) Байкоочу кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу;

11) өзүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө отчетту жылына бирден кем эмес жолу Байкоочу кеңешке берүү;

12) Байкоочу кеңештин суроо-талабы боюнча маалыматты берүү;

13) Байкоочу кеңеш аныктаган форматта КИПтин ишине туруктуу мониторинг жүргүзүү жана анын натыйжаларын Байкоочу кеңешке берүү;

14) Байкоочу кеңештин тапшырмасы боюнча башка маалыматтык-аналитикалык ишти жүргүзүү;

15) КИПтин резиденттери үчүн алардын потенциалын жогорулатуу боюнча коммуникативдик, маалыматтык, консультациялык иш-чараларды өткөрүү;

16) КИПтин расмий интернет-ресурсун түзүү жана колдоо;

17) КИПтин дирекциясынын иши жөнүндө отчетторду расмий интернет-ресурска жайгаштыруу.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-16)
