# 14-берене. КИПтин дирекциясы

- Документ: [Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112419)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-августундагы № 88 "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3206/edition/1183525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112419/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө, 14-берене (08.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-14

---

1. Дирекцияны КИПтин Байкоочу кеңеши тарабынан дайындалган директор жетектейт.

2. КИПтин дирекциясынын ишин каржылоо квартал сайын КИПтин ишинин түрлөрүн жүзөгө ашыруунун натыйжасында отчеттук квартал үчүн түшкөн каражаттан 1 пайыз өлчөмүндө, кварталдын акыркы айынан кийинки айдын 20сына чейин КИПтин резиденттери тарабынан төлөнүүчү чегерүүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт.

3. КИПтин дирекциясына КИПтин режими жайылтылат.

4. Дирекция мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюм формасында түзүлөт. Дирекциянын иши ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамдарда жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-15)
