# 10-берене. КИПтин резиденти статусун токтотуу

- Документ: [Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112419)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 8-августундагы № 88 "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 88
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.08.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3206/edition/1183525/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112419/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө, 10-берене (08.08.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-10

---

1. КИПтин резидентинин статусу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) КИПтин резидентинин арызынын негизинде;

2) КИПтин резиденти статусунан ажыратылганда.

2. КИПтин резиденти ушул Мыйзамдын 8-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган талаптарды же Келишимдин шарттарын бузган учурда КИПтин резиденти статусунан ажыратылат.

3. Статусунан ажыратуу жөнүндө чечим КИПтин дирекциясынын сунушу боюнча Байкоочу кеңеш тарабынан кабыл алынат.

4. Байкоочу кеңеш тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин КИПтин дирекциясы келишимди бузууну демилгелейт.

5. Келишим ушул Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана келишимде каралган тартипте бузулууга тийиш.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112419/st-11)
