# 9-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 9-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-9

---

Министрлер Кабинети:

1) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;

3) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун түзүү жана иштөө тартибин аныктайт;

4) төмөнкүлөрдү белгилейт:

а) баалуу металлдар жана асып таштар менен операцияларды жүргүзүүчү юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин ишинин түрлөрү боюнча атайын эсепке коюу тартибин;

б) энчилүү белгилерди каттоо, даярдоо, ошондой эле алардын издерин коюу жана жок кылуу эрежелерин;

в) Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдары менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө баалуу металлдарды, асыл таштарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу эрежелерин;

г) баалуу металлдарды камтыган кендерди казып алуу жана баштапкы кайра иштетүү менен байланышкан операциялардын тартибин;

5) ушул Мыйзамга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-10)
