# 7-берене. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 7-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-7

---

1. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду мамлекеттин гана менчиги болуп саналат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жайында болот.

2. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын өндүрүштүк, финансылык, илимий, социалдык-маданий керектөөлөрүн жана мамлекеттик башка кызыкчылыктарын камсыздоо үчүн багытталган.

3. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен сатылып алынган баалуу металлдардан, асыл таштардан, ошондой эле конфискацияланган, ээсиз калган, мурастык укук боюнча мамлекетке өткөн, археологиялык казууларды жүргүзүүдө табылган баалуу металлдардан, асыл таштардан, алардан жасалган буюмдардан жана алардын сыныктарынан түзүлөт.

4. Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жөнүндө, аны түзүү, ошондой эле Мамлекеттик фондго салынган баалуулуктарды кабыл алуу, эсепке алуу, сактоо, баалоо, эсептөө жана чыгаруу тартибин регламенттөөчү жобо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-8)
