# 6-берене. Аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууга мамлекеттин артыкчылыктуу укугу

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 6-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-6

---

1. Министрлер Кабинети жана Улуттук банк комплекстүү кендерден алынуучу чийки заттык товарлардан өндүрүлүүчү аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле аффинаждык өндүрүш үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында да, анын чегинен сырткары да керектүү кайра иштетүүдөн жана аффинаждан өткөн жарым продуктуларды, ошондой эле асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ.

2. Аффинаждалган баалуу металлдарды, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле асыл таштарды Министрлер Кабинетинин жана Улуттук банктын сатып алуусунун артыкчылыктуу укугунун алкагында сатуу аларды транспорттоо жана сатуу боюнча алдыдагы чыгымдарын кемитүү менен, дүйнөлүк баалар боюнча жүзөгө ашырылат.

Министрлер Кабинетинин аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатып алууга артыкчылыктуу укук боюнча ыйгарым укуктарын ишке ашыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат. Аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды Министрлер Кабинетине сатуу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык жүзөгө ашырылат. Аффинаждалган баалуу металлдарды жана асыл таштарды Улуттук банкка сатуу Улуттук банк тарабынан аныкталуучу тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Министрлер Кабинети жана Улуттук банк аффинаждалган баалуу металлдарды, асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугунан баш тартканда, аффинаждалган баалуу металлдар, асыл таштар үчүнчү жактарга сатылышы мүмкүн.

4. Министрлер Кабинети тарабынан сатып алуунун артыкчылыктуу укугу боюнча сатып алынган баалуу металлдар жана асыл таштар чийки зат менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында аларды даярдоо үчүн зергер буюмдарын өндүрүүчүлөргө Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте сатылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-7)
