# 4-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 4-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-4

---

Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) үчүн аффинаждалган баалуу металлдарды, ошондой эле асыл таштарды сатып алуунун артыкчылыктуу укугу;

2) баалуу металлдарды жана асыл таштарды эсепке алууга жана алар жөнүндө отчеттуулукка, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү тартибине талаптарды белгилөө;

3) ички жана тышкы рыноктордо баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин аракеттерин ченемдик-укуктук регламенттештирүү, аларды атайын эсепке коюу;

4) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды мамлекеттик контролдоо.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-5)
