3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 1-глава
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) талдоо - алардан буюмдар даярдалган баалуу металлдардын жана алардын куймаларынын химиялык курамын, анын ичинде бул буюмдун бүлүнүүсү каралуучу методдорду колдонуу аркылуу аныктоо;
2) аффинаждалган баалуу металлдар - иштетүүдөн жана аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоодон өткөрүлгөн, стандартташтыруу боюнча улуттук орган тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик стандарттарына, же болбосо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган эл аралык стандарттарга шайкеш келген сапатка чейин жеткирилген баалуу металлдар;
3) баалуу металлдардын аффинажы - баалуу металлдарды аралашмалардан жана кошулма компоненттерден тазалоо, баалуу металлдарды мамлекеттик же эл аралык стандарттарга шайкеш келген сапатка чейин жеткирүү процесси;
4) аффинаждалган ченелме куймалар - алтын үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес, күмүш үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,90 пайызынан кем эмес жана платина үчүн куйманын лигатуралык массасынын 99,95 пайызынан кем эмес химиялык таза негизги металлдын камтылышы менен, баалуу металлдан (алтындан, күмүштөн же платинадан) жасалган жана маркаланган, массасы 1000 грамм жана андан кем болгон куймалар;
5) аффинаждалган стандарттык куймалар - Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Эл аралык сапат стандарттарына шайкеш келген, алтындан же күмүштөн жасалган жана маркаланган куймалар;
6) стандарттык эмес формадагы аффинаждалган баалуу металлдар - аффинаждалган баалуу металлдардын стандарттык жана өлчөнгөн куймаларынын формасынан жана өлчөмүнөн айырмаланып турган ар кандай формадагы (стержендер, гранулдар, пластиналар, зымдар жана башкалар) жана өлчөмдөгү баалуу металлдар;
7) мамлекеттик пробалык эн тамга - баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарга коюлуучу жана мындай буюмда камтылган баалуу металлдын пробасын күбөлөндүрүүчү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген үлгүдөгү белги;
8) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фонду - мамлекеттин активине киргизилген жана мамлекеттик өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий керектөөлөрдү камсыз кылуу үчүн арналган баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар;
9) асыл таштар - табигый алмаздар, изумруддар, рубиндер, сапфирлер, александриттер, ошондой эле чийки зат (табигый) жана иштетилген түрдөгү табигый бермет жана белгиленген критерийлерге ылайык өзгөчө янтардык түзүлүштөр;
10) баалуу металлдар - ар кандай түрдөгү жана абалдагы: чийки заттагы, эритмелердеги, жарым фабрикаттардагы, өнөр жай продуктуларындагы, химиялык кошулмалардагы, зергердик жана башка буюмдардагы, сыныктардагы жана калдыктардагы алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий, иридий, родий, рутений, осмий);
11) энчилүү белги - изи даярдоочу тарабынан өзү бардык баалуу металлдардан даярдаган зергердик жана башка буюмдарга коюлуучу, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган жана анын даярдоочусу жөнүндө маалыматты шифрленген түрдө камтыган атайын белги;
12) баалуу металлдарды жана асыл таштарды пайдалануу - баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүштүк, илимий жана социалдык-маданий максаттар үчүн жана валюталык активдер катары колдонуу;
13) эн тамгасын басуу - баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарга пробалоо эн тамгасынын изин түшүрүү;
14) концентрат - баштапкы рудага салыштырмалуу пайдалуу кендеринин курамы жогору жана зыяндуу компоненттеринин курамы аз болгон пайдалуу кендердин байытылган продуктусу, концентратта алтындын өнөр жайлык камтылышы болгондо - алтын камтыган концентрат;
15) баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары - жараксыз абалга келген, же болбосо керектөөчү касиеттерин жана (же) функциялык багыттарын жоготкон, баалуу металлдардан жана алардын эритиндилеринен жасалган продукция (буюм), бул продукциянын (буюмдардын) бөлүктөрү; мындай продукцияны (буюмду) өндүрүү процессинде пайда болгон түзөтүлгүс кемчилик, ошондой эле өндүрүү жана (же) керектөө процессинде жаралган, баалуу металлдарды камтыган чийки заттын, материалдардын, жарым фабрикаттардын калдыктары;
16) баалуу металлдар жана асыл таштар менен жүргүзүлгөн операциялар - төмөнкүлөр менен байланышкан аракеттер:
а) баалуу металлдарга жана асыл таштарга менчик укугунун жана башка укуктардын өтүшү менен (баалуу металлдарды жана асыл таштарды жүгүртүү), анын ичинде аларды күрөө катары пайдалануу;
б) баалуу металлдардын жана асыл таштардын сактоочу жайга, фонддорго жана запастарга келип түшүшү, ошондой эле баалуу металлдардын жана асыл таштардын сакталышы жана чыгарылышы (берилиши) менен;
в) аларды өндүрүүдө, кайра иштетүүдө жана пайдаланууда ар кандай заттарда жана материалдарда баалуу металлдардын жана асыл таштардын камтылышынын же физикалык абалынын өзгөрүшү менен;
г) баалуу металлдарды, асыл таштарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү жана аларды Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгуу менен;
17) пробалоо - зергердик жана башка буюмдарда баалуу металлдардын эритмесинин пробасын аныктоо же тастыктоо;
18) баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү - андан кийинки аффинаждоо үчүн арналган металлургия өндүрүшүнүн ортодогу продуктусун алуу үчүн баалуу металлдардын сыныктарынан жана калдыктарынан механикалык, химиялык жана металлургиялык процесстерди пайдалануу менен баалуу металлдарды алуу;
19) проба - баалуу металлдын куймасынын 1 (бир) миңдик массалык үлүшүнө химиялык таза баалуу металлдын массалык үлүшүнүн саны;
20) баалуу металлдарды өндүрүү - баалуу металлдарды камтыган, казылып алынган комплекстүү кендерден, концентраттардан жана башка жарым продуктулардан, баалуу металлдардын сыныктарынан жана калдыктарынан баалуу металлдарды алуу, ошондой эле баалуу металлдарды аффинаждоо;
21) зергердик буюмдарды өндүрүүчүлөр - баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка буюмдарды жасоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер;
22) аффинаждык өндүрүш үчүн жарым продукт - аффинаждык өндүрүш үчүн Доре эритмеси, катоддук металл түрүндөгү жана кум түрүндөгү алтын сымал жарым продукт;
23) табигый уютунду - пайдалуу кен чыккан жерлердеги чоңдугу боюнча ошол эле баалуу металлдын бөлүкчөлөрүнүн орточо өлчөмүнөн кыйла жогору болгон баалуу металлдардын табигый ири бөлүгү;
24) эритме - алардын жок дегенде бири баалуу болуп саналган, эки же бир нече металлдардын эритиндисинен алынган бир түрдүү катуу аралашма;
25) атайын эсепке алуу - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин реестрин жүргүзүү;
26) баалуу металлдарды өндүрүүнүн субъекттери - Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды өндүрүүнү жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын юридикалык жактары;
27) баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлар - иштетилбеген баалуу металлдар, цинктүү тунмалар, баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, баалуу металлдардын кендери жана концентраттары, кендер, түстүү металлдардын концентраттары жана күлдөрү, баалуу металлдарды камтыган түстүү металлдар өндүрүшүнүн жарым продуктулары;
28) үчүнчү жактар - Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденттери эместер;
29) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар, асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктары менен операцияларды жүргүзүү менен байланышкан маселелерди жөнгө салууга ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик орган;
30) асыл таштарга экспертиза жүргүзүү (идентификациялоо) - белгиленген классификаторлорго жана прейскуранттарга ылайык асыл таштардын сапаттык-түстүк, сандык жана нарктык мүнөздөмөлөрүн аныктоо;
31) баалуу металлдарга экспертиза жүргүзүү - баалуу металлдардын сапаттык жана (же) сандык мүнөздөмөлөр аныктоо;
32) баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдар - баалуу металлдардан жана алардын эритмелеринен жасалган, белгиленген минималдык пробадан төмөн эмес пробасы болгон, анын ичинде декоративдик иштетүүнүн ар кандай түрлөрүн пайдалануу менен, асыл таштардан, табигый же жасалма тектеги башка материалдардан чөгөрүлгөн же аларсыз (эмиссиядан өткөн тыйындарды жана статусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган мамлекеттик сыйлыктарды кошпогондо) жасалга, тиричилик предмети же табынуу жөрөлгөлөрүн жана каада-салттарды аткаруу үчүн предмети катары колдонулуучу буюмдар, ошондой эле юбилейлик жана эстелик медалдар жана белгилер, баалуу металлдардан жасалган тыйындар.
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-июнундагы № 303 "Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 303 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112413/st-3" title="3-берене - Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>