# 2-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 2-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-2

---

1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизденет жана ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-3)
