# 16-берене. Пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробанын эн тамгасын басуу

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413#diff=1274044..44962>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 16-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-16

---

1. Баалуу металлдардан жасалган тыйындарды жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында ата мекендик өндүрүштөгү жана Кыргыз Республикасынын аймагына сатуу үчүн ташып келинген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдар пробалоого, талдоого алынууга жана мамлекеттик пробасынын эн тамгасы менен белгиленүүгө тийиш.

2. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоону, талдоону жана аларга мамлекеттик пробалык эн тамгасын басууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигинин башка мамлекеттерине өткөрүү үчүн арналбаган, күмүштөн жасалган зергердик жана башка буюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерге экспорттоо үчүн арналган баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо жана мамлекеттик пробалык эн тамга басуу ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.

3. Пробалык эн тамганын белгилери жана сыпаттамалары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Кыргыз Республикасында жасалган зер жана башка баалуу металлдардан жасалган буюмдарга ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Өндүрүүчүлөрдүн өздүк эн тамгаларын жана ысымдарын каттоо эрежелерине ылайык салык органында катталган өндүрүүчүнүн өздүк пробалык эн тамгасы басылышы мүмкүн.

Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга өндүрүүчүнүн өздүк пробалык эн тамгасын басууда мамлекеттик эн тамга басуу талап кылынбайт. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-17)
