Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Пробалоо, талдоо жана мамлекеттик пробанын эн тамгасын басуу
Күчүндө · 31.12.2025 редакциясы · 4-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262
1. Баалуу металлдардан жасалган тыйындарды жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында ата мекендик өндүрүштөгү жана Кыргыз Республикасынын аймагына сатуу үчүн ташып келинген баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдар пробалоого, талдоого алынууга жана мамлекеттик пробасынын эн тамгасы менен белгиленүүгө тийиш.
2. Баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоону, талдоону жана аларга мамлекеттик пробалык эн тамгасын басууну ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигинин башка мамлекеттерине өткөрүү үчүн арналбаган, күмүштөн жасалган зергердик жана башка буюмдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерге экспорттоо үчүн арналган баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды пробалоо жана мамлекеттик пробалык эн тамга басуу ыктыярдуу негизде жүзөгө ашырылат.
3. Пробалык эн тамганын белгилери жана сыпаттамалары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Кыргыз Республикасында жасалган зер жана башка баалуу металлдардан жасалган буюмдарга ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген Өндүрүүчүлөрдүн өздүк эн тамгаларын жана ысымдарын каттоо эрежелерине ылайык салык органында катталган өндүрүүчүнүн өздүк пробалык эн тамгасы басылышы мүмкүн.
Баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарга өндүрүүчүнүн өздүк пробалык эн тамгасын басууда мамлекеттик эн тамга басуу талап кылынбайт. (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.12.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112413/st-16" title="16-берене - Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>