# 14-берене. Баалуу металлдарды жана асыл таштарды ташып келүүдө жана ташып чыгууда мамлекеттик контролдоо

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 14-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-14

---

1. Мамлекеттик контролдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) кендерди, концентраттарды жана түстүү металлдардын күлүн, баалуу металлдарды камтыган түстүү металлдарды өндүрүүдөгү жарым продуктуларды кошпогондо, баалуу металлдарды жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда;

2) асыл таштарды, зергердик жана башка буюмдарды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда;

3) кендерди, концентраттарды жана түстүү металлдардын күлүн, баалуу металлдарды камтыган түстүү металлдарды өндүрүүдөгү жарым продуктуларды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) кендерди, концентраттарды жана түстүү металлдардын күлүн, түстүү металлдарды өндүрүүдөгү жарым продуктуларды кошпогондо, баалуу металлдардын, баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлардын партиясын коштоочу документтерде, анын ичинде ченемдик-техникалык жана (же) техникалык документтерде көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкештигин текшерүү;

2) дүйнөлүк рыноктогу бааны эске алуу менен баалуу металлдардын наркын баалоо;

3) баалуу металлдардын, баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлардын чыгарылган булактарын аныктоо;

4) баалуу металлдар жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлар менен бүтүмдөрдү жасоодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоо;

5) баалуу металлдардын жана баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарлардагы алынуучу коштоочу металлдардын камтылышын контролдоо;

6) баалуу металлдардын жана алынуучу коштоочу металлдардын камтылгандыгы жөнүндө документтердин негизинде Кыргыз Республикасында чийки заттык товарлардан баалуу металлдарды өнөр жай жолу менен бөлүп алуу мүмкүнчүлүгүн (мүмкүн эместигин) жана экономикалык максатка ылайыктуулугун (максатка ылайыксыздыгын) текшерүү же Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кайра иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыксыздыгын же мүмкүн эместигин текшерүү.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат.

Евразия экономикалык комиссиясынын чечими менен белгиленген учурларды кошпогондо, асыл таштарды, баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды Евразия экономикалык бирлигине кирбеген мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө жана бул мамлекеттерге Кыргыз Республикасынын аймагынан ташып чыгууда бажылык декларациялоо жана бажылык тазалоо менен байланышкан бажылык операциялар жүргүзгөнгө чейин экспертиза жүргүзүлөт жана мамлекеттик контроль жүзөгө ашырылат.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Евразия экономикалык комиссиясынын чечимдерине ылайык жүзөгө ашырылат жана ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 4, 5 жана 6-пункттарында каралган аракеттерди камтыйт.

5. Мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары:

1) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурда таризделет:

а) ташып келүүдө - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдоо актысынын формасында;

б) кайра иштетүүгө ташып келүүдө - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдоо актысы, товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документтер формасында;

в) ташып чыгууда - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдун актысы, экспортко чыгарууга лицензия жана Кыргыз Республикасынын аймагында чийки заттык товарлардан баалуу металлдарды өнөр жай жолу менен бөлүп алуу мүмкүнчүлүгү (мүмкүн эместигин) жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу (максатка ылайыксыздыгы) тууралуу корутунду формасында;

г) кайра иштетүүгө ташып чыгууда - товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдун актысы, товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документтер, Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кайра иштетүүнүн экономикалык жактан максатка ылайыксыздыгы же мүмкүн эместиги тууралуу корутунду формасында;

2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары товардын ар бир партиясына берилген мамлекеттик контролдоо актысынын формасында ыйгарым укуктуу орган тарабынан таризделет;

3) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган мамлекеттик контролдоонун жыйынтыктары ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкү учурларда таризделет:

а) кайра иштетүүгө ташып келүүдө - товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ формасында;

б) ташып чыгууда - Кыргыз Республикасынын аймагында чийки заттык товарлардан баалуу металлдарды өнөр жай жолу менен бөлүп алуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жана экономикалык жактан максатка ылайыктуулугу (максатка ылайыксыздыгы) жөнүндө корутунду формасында;

в) кайра иштетүүгө ташып чыгууда - товарларды кайра иштетүү шарттары жөнүндө документ, Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдарды камтыган чийки заттык товарларды кайра иштетүүнүн экономикалык максатка ылайыксыздыгы же мүмкүн эместиги жөнүндө корутунду формасында.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган мамлекеттик контролдоо төмөнкүлөргө карата жүргүзүлбөйт:

1) баалуу металлдарды, анын ичинде баалуу металлдардан даярдалган тыйындарды ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда Улуттук банкка карата;

2) жеке жактар тарабынан баалуу металлдарды жана (же) асыл таштарды, анын ичинде зергердик жана башка буюмдарды, баалуу металлдардан даярдалган тыйындарды өздүк керектөө үчүн ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда;

3) баалуу металлдардын радиоактивдүү жана туруктуу изотопторун жана алардын негизинде жасалган буюмдарды ташып келүүдө жана (же) ташып чыгууда;

4) баалуу металлдарды жана (же) асыл таштарды камтыган маданий баалуулуктарды ташып чыгууда.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-15)
