# 13-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө пробалык көзөмөл

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 13-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-13

---

1. Пробалык көзөмөл - баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, ушул Мыйзам жана баалуу металлдарды жана асыл таштарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү жана эсепке алуу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен белгиленген ченемдерди бузууларынын алдын алууга, табууга жана бөгөт коюуга багытталган уюштуруучулук-техникалык жана укуктук иш-чаралардын тутуму.

2. Пробалык көзөмөл пробалык эн тамгалардын жана энчилүү белгилердин издеринин экспертизасын, баалуу металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын экспертизасын, асыл таштарды аныктоону жана экспертизасын, баалуу металлдарга контролдук талдоо жүргүзүүнү камтыйт.

Пробалык көзөмөл ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-14)
