# 12-берене. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо тутуму

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 12-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-12

---

1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин сакталуусун камсыз кылуу максатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик контролдоо тутуму төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) баалуу металлдарды, асыл таштарды жана баалуу металлдар камтылган чийки заттык товарларды ташып келүүдө жана ташып чыгууда мамлекеттик контролдоо;

2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүгө пробалык көзөмөл.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-13)
