# 11-берене. Баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын кайра иштетүү

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 11-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-11

---

1. Аларда баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, асыл таштардын калдыктары топтолгон юридикалык жактар жана жеке ишкерлер көрсөтүлгөн сыныктарды жана калдыктарды жыйноону жана милдеттүү түрдө эсепке алууну жүзөгө ашырышат.

2. Жеке өндүрүшүндө чогултулган баалуу металлдардын сыныктары жана калдыктары, асыл таштардын калдыктары:

1) жеке өндүрүшүндө экинчи жолку пайдалануу үчүн аларды чогулткан юридикалык жактар жана жеке ишкерлер тарабынан өз алдынча кайра иштетилет;

2) келишимдин (контракттын) негизинде аффинаждоочу ишканаларга аффинаждоого жөнөтүлөт.

3. Атайын каттоодо турган, баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын сатып алуучу юридикалык жактар жана жеке ишкерлер төмөндөгү аракеттердин бирин жүзөгө ашырууга милдеттүү:

1) келишимдин (контракттын) негизинде баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын аффинажга жиберүүгө;

2) баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын башка юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге берүүгө же сатууга;

3) Евразия экономикалык бирлигинин укуктарында аныкталган тартипте баалуу металлдардын сыныктарын жана калдыктарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан алып чыгууга.

4. Баалуу металлдардын, асыл таштардын сыныктары, калдыктары менен операцияларды жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-12)
