# 10-берене. Баалуу металлдардан зергердик жана башка буюмдарды сатуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 10-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-10

---

1. Баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо, баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган зергердик жана башка буюмдарды мамлекеттик пробалык эн тамгасы жок сатууга жол берилбейт.

2. Ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жасалган зергердик жана башка буюмдарда энчилүү белгинин изи болууга тийиш. Энчилүү белги ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өтүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-11)
