# 1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112413)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-августундагы № 87 "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 87
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3200/edition/1274044/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112413/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө, 1-берене (31.12.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-1

---

1. Ушул Мыйзам баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүү чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт, анын ичинде:

1) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн негизги түшүнүктөрүн жана шарттарын аныктайт;

2) баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнү мамлекеттик жөнгө салуунун жана контролдоонун укуктук негиздерин белгилейт;

3) Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун түзүү негиздерин аныктайт.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

1) жер казынасы жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

2) банк мыйзамдары менен жөнгө салынуучу мамилелерге;

3) жеке пайдалануусу үчүн жеке жактардын менчигинде турган зергердик жана баалуу металлдардан жасалган башка буюмдар менен болгон бүтүмдөрдү жеке ишкер болуп эсептелбеген жеке жактардын түзүүсү менен байланышкан мамилелерге.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112413/st-2)
